Жаңылыктар
Ата-Журтка сыймык алып келген спортчулар
Спорт
Ата-Журтка сыймык алып келген спортчулар

Бакудагы 11 күнгө созулган Ислам тилектештик оюну жыйынтыкталып, жабылуу аземи салтанаттуу түрдө өттү. Мелдеш спорттун 24 түрү боюнча өтүп, кыргызстандык спортчулар өлкө куржунуна 17 медал алып келишти. Анын төртөө алтын, беши күмүш, сегизи коло медал. Бул көрсөткүчтөр менен Кыргызстан 54 өлкөнүн арасынан 10 орунга чыкты.

Ислам тилектештик оюндары жана олимпиадалык оюндардын белгисине айланган өрт. Бирок бул жолу Бакуда өткөн оюндарда өрттүн ордуна сууну алып чыгышы көпчүлүктү таң калтырды. Анткени суу дүйнөнү бириктирип, жакшылыктын жышаанын чакырат экен. Мындай көрүнүштөр менен коштолгон оюндардын жабылуу аземине 3 миңден ашык спортчу катышты. 

Кыргыз командасынын туусун көтөрүп, күрөш боюнча дүйнөлүк чемпион Бекболсун Кушбаков чыкты. Андан тышкары салтанат асманды жарган салюттар менен концерттик программалар менен коштолду. Ислам оюндарына биринчи жолу катышып жаткан Юрий Краковецкий дзюдо боюнча таймашта мекенине кур кол кайткан жок.
Ал эми дагы бир кыргыздын желегин желбиреткен спортчу Каныбек Жолчубеков бул жеңишти жакындарына арнаганын айтат.