Жаңылыктар
Үй-бүлөнү пландоо багытында тегерек стол өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-бүлөнү пландоо багытында тегерек стол өттү

Саламаттык сактоо министрлигине өнөктөш эл аралык донорлор контрацептикалык каражаттарды ташууну токтотуп жаткандыгына байланыштуу Кыргызстанда бойго болтурбоочу каражаттар менен камсыздоо маселесин чечүү олуттуу болуп турат. Албетте бул кошумча каражаттарды талап кылат. Мындан улам, маселе тегерек үстөлдө мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, адистер, дары-дармек менен камсыздаган ишкерлер жана эксперттердин катышуусунда талкууга алынды.

Адистердин айтуусунда контрацептикалык каражаттар үй-бүлөнү пландаштыруу, төрөттүн ортосундагы аралыкты сактоо, каалабаган кош бойлуулук гана эмес, энелердин өлүмүн кыскартууга жардамы чоң. Ошондой эле, ар кандай жыныстык жол менен тараган ВИЧ өңдүү жугуштуу оорулардан да сактануунун бирден бир жолу. Бирок Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык контрацептикалык каражаттарды колдонбогон аял затынын саны 11 пайыздан 19 пайызга жогорулаган.

“Эл аралык донорлор кош бойлуулуктан сактоочу каражаттарды ташууну токтотоорун жарыялаган. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү да бул маселе боюнча тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен жолугуп, маселени көзөмөлгө алууну сунуштаганбыз”,- деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айгүл Бообекова.

Бойго болтурбоочу каражаттардын тартыштыгы жаралса биринчи кезекте калктын аялуу катмары ар кандай көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн. Себеби, буга чейин жакыр үй-бүлөлөрдүн аялзатына контрацептикалык каражаттар акысыз берилип келген.