Жаңылыктар
Ала-Бука районунун 80 жылдыгы белгиленди
Маданият
Ала-Бука районунун 80 жылдыгы белгиленди

Ала-Бука районуна 80 жыл толду. 80 жылдык маарекени район эли салтанаттуу деңгээлде белгилешти. Өрүктү айыл аймагынын кең талаасына кыргыз үйлөр тигилип, улуттук спорттун 7 түрү боюнча оюндар өттү. Райондун 80 жылдык тою Өрүктү айыл аймагынын Орток-Бел деген жеринде уюштурулуп, ага жергиликтүү эл жана өлкө аймагынан келген коноктор болуп 10 миңден ашуун киши чогулду. Райондун элин майрамы менен вице-премьер министр Жеңиш Разаков куттуктады. Андан сырткары, өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуп, райондун өнүгүшүнө зор салымын кошкон кызматкерлерге берип жиберген белектерин тапшырды.
Майрамдык салтанатта кыргыздын басып өткөн тарыхы, каада салттары, райондун 80 жылдагы басып өткөн жолу сахналаштырылып көрсөтүлдү.