Жаңылыктар
Ош шаарында китеп кербени старт алды
Билим
Ош шаарында китеп кербени старт алды

Токтогул Сатылганов атындагы Ош облусттук китепканасы тарабынан уюшулган «Китепкана кербени» Ош шаарында старт алды. Иш-чара 23-майдан 16-июнга чейин аталган облустун аймагында жүргүзүлөт. Уюштуруучулардын пикиринде, эки элдин маданиятын жана каада-салтын чагылдырган бул кербен - Кыргызстан -Америка достугун бекемдөөгө өбөлгө болот. 

Максаты маалыматтык ресурстарды эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзүү, жаштардын акыл-эс тутумун, ой жүгүртүүсүн өркүндөтүү, аларды китеп окууга кызыктыруу жана китеп окуу маданиятын калыптандыруу. Ошондой эле, чет өлкөлөрдө билим алууга кызыккан жаштарга чет тилдерин үйрөтүү.

"Иш-чаранын максаты акылмандуулуктун, билим алуунун булагы болгон китепке жаштарды кызыктыруу, бул бардык аймактарда өтөт",- деп билдирди Т. Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасынын директору Бактыгүл Мырзаева.