Жаңылыктар
Битир садаканын өлчөмү бекитилди
Дин
Битир садаканын өлчөмү бекитилди

Орозо айында бериле турган битир садаканын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлады. Быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. 

Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди. 

Ошондой эле, битир садака буудайдан башка ун, мейиз, арпа, курма менен да өлчөнөт. Мусулмандар жогорудагы азык-түлүктөрдүн суммасына жараша каалаганын тандаса болот. 

Бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүүнү каалагандарга чек коюлбайт.