Жаңылыктар
Филармониянын айланасынан табылган шектүү куту зыянсыздандырылды
Кырсык
Филармониянын айланасынан табылган шектүү куту зыянсыздандырылды

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын имаратынын жанынан колго жасалган жардыргычтын көчүрмөсү табылып, зыянсыздандырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Муляж боюнча тергөө башталды. 

Эскерте кетсек, бомба тууралуу билдирүү милицияга бүгүн, 24-майда саат 7:37де келип түшкөн. Шектүү куту табылдган жер курчоого алынган.