Жаңылыктар
Акыркы коңгуроо салтанатын 4 миңден ашык милиция көзөмөлдөйт
Билим
 Акыркы коңгуроо салтанатын 4 миңден ашык милиция көзөмөлдөйт

Бишкекте акыркы коңгуроо салтанатын 4 миңден ашык милиция  көзөмөлдөйт. Бул тууралуу ИИМ Коомдук коопсуздук башкы башкармалыгы билдирди. 

Мындан тышкары, республиканын аймактарындагы жалпы билим берүү мекемелерине облустук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылып, салтанат өтүүчү ар бир мектеп күч кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнөт. 

Былтыр акыркы коңгуроодо өспүрүмдөр катышкан 3 жол кырсыгы катталган. Эми кымбат унааларды ижарага алып көчө кыдырган, терезеден чыгып, чуу салгандарга айып пул салынып,ар бир парк, эс алуучу жайлар да көзөмөлгө алынат. мектеп администрациялары, класс жетекчилер жана ата-энелер комитеттеринин жетекчилери акыркы коңгуроо иш-чараларында жоопкерчиликти өз моюндарына алышат. 

Буйрукта ошондой эле салтанаттуу иш-чара мамлекеттик символика менен шөкөттөлүп, иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик гимнди аткаруусу абзел.