Жаңылыктар
Кыргызстан улуттук - мекенчил күчтөрүнүн I Республикалык курултайы өттү
Саясат
Кыргызстан улуттук - мекенчил күчтөрүнүн I Республикалык курултайы өттү

Бишкекте Кыргызстан улуттук - мекенчил күчтөрүнүн I Республикалык курултайы өттү. Жыйындын күн тартибинде, элдик курултай көзөмөлүн баш мыйзамга киргизүү, ошондой эле  паспортто улттук деген грфаны калтырууну талкуулашты. Курултайга аймактан келген өкүлдөр, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана укук коргоочулар катышты. 

Курултай - биздин  эл үчүн жат эмес система. Ата-бабалардан бери келе жаткан саясий мурас деп белгилеген “Улут ордо” партиясынын мүчөсү Нураалы уулу Бактыбек 2010- жылдан бери курултай куруу идеясы менен жүргөнүн айтат. Ал өзүбүз шайлаган президент, депутаттарды элдик  курултай аркылуу көзөмөлдөогө алууга болот деген пикирде.

Белгилей кетсек  Кыргызстанда баш мыйзамга Курултай институтун киргизүү демилгеси эгемендүүлүккө ээ болгон жылдан бери көтөрүлүп келет.  Аны колдогондор менен катар эле, зарылдыгы жок деп санагандар да бар.