Жаңылыктар
Түркмөнстан: министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эргешов каза тапты
Саясат
Түркмөнстан: министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эргешов каза тапты

3-майда  Ашхабадда Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Батыр Эргешов каза тапты. “Түркмөнстан  хроникалары”  басылмасынын ички булактарга  таянып жазган маалыматтарга караганда, 52 жаштагы вице-премьер  министр асынып алган. Эргешов  өндүрүш  тармагын тейлеп турган жана Түрмөнстанда жакында коррупцияга каршы ачылган иштерге анын байланышы бар болушу мүмкүндүгү айтылууда. Батыр Эргешовдун уулу апрель айында камакка алынган болчу деп жазылат маалыматта. 

Вице-премьердин сөөгү, өзүнүн туулган жери  Өзбекстандын Бухара  вилаетиндеги  мүрзөгө   коюлган. Жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлерге коррупция беренеси менен козголгон кылмыш иштери  боюнча Кыргызстан деле куру эмес. Башкы прокуратура буга чейин Жогорку Кеңеште  берген  отчетунда коррупцияга карыш күрөшүү  боюнча  жүргүзүлгөн  текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, мамлекеттик органдардын, жергиликтүу  өз алдынча башкаруу  органдарынны кызмат адамдары тарабынан  800дөн ашык мыйзам бузуулар аныкталган. 

Ири суммадагы каражатка беш манжасын батыргандар  алтурсун  кылмыш жоопкерчилигине  тартылып, айрымдары  дагы деле  абакта  отурушса, кээ бирлери  мамлекетке   келтирген  чыгымдарды кайтарып  беришип, эркиндикке  чыгарылышкан.