Жаңылыктар
Ош — Бишкек жолундагы унаа кагылуушусунан бензовоз күйүп кетти
Кырсык
Ош — Бишкек жолундагы унаа кагылуушусунан бензовоз күйүп кетти

Ош — Бишкек жолунун Токтогул районунда жүк ташуучу VOLVO автоунаасы менен бензовоз кагышып, андан cоң жолдон чыгып, оодарылып күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Бензовоздун айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда анын ким экени такталууда. Ал эми VOLVO автоунаасынын айдоочусу жана жүргүнчү Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын ооруканасына жаткырылган. Алардын да аты-жөнү такталууда.