Жаңылыктар
Кыргызстан - Түркия парламенттер аралык кызматташуусу чыңалууда
Саясат
Кыргызстан - Түркия парламенттер аралык кызматташуусу чыңалууда

Төрага Чыныбай Турсунбеков Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугушту. Исмаил Кахрамандын демилгеси менен уюштурулган иш сапардын алкагындагы бул жолугушууда тараптар эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо тууралуу баарлашты. 

Турсунбеков эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоого жана көп тармактуу кызматташтыкты арттырууда парламенттердин ролу жогору экенин айтып, эки өлкөнүн парламенттеринин, айрыкча, депутаттык достук топторунун алкагындагы байланыштарды кеңейтүү керек экенин белгиледи. 

Өз кезегинде Исмаил Кахраман эл өкүлү катары эл аралык деңгээлде достук мамилени чыңдоо зарылчылыгына токтолду. Мындан тышкары, жолугушууда экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы жана келечеги талкууга алынды.

“Чакырууну кабыл алып, иш сапар менен келгениңиздерге ыраазычылык билдирем. Кыргыз эли менен түрк калкы оор учурларда бирге болуп, баардык кыйынчылыктарды боордоштук жана тилектештик менен жеңишибиз керек”,- деди Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Исмаил Кахраман.