Жаңылыктар
Айылдагы колдонуудан чыккан маданий борборлор
Кыргызстан жаңылыктары
Айылдагы колдонуудан чыккан маданий борборлор

Республика боюнча 200гө жакын маданий жайлар толук оңдоого муктаж. Анын көпчүлүгү айылдык маданий үйлөр. Иш -чараларды мектептерде, китепканаларда же такыр эле болбой калганда сыртта өткөрүүгө туура келет дейт,- Маданият министрлиги. 

Өлкөнүн алыскы аймагына барып деле кереги жок, борбордун четиндеги Байтик айыл аймагынын маданият үйү эле буга мисал болот. Байтик айылдык маданият үйү 1979-жылы курулган. 350 орундук маданият үйү 90-жылдардын башында талкаланып баштаган. Болгону 10 жылдан ашыгыраак иштеген.

Өлкөдө 704 маданий үй болсо, анын 200гө жакыны мына ушундай капиталдык оңдоого муктаж. Бир мезгилде өнөр адамдарынын очогуна айланган бул жайдын азыркы учурдагы абалы тууралуу Мээрим Бакир кызынын материалында: