Жаңылыктар
Ат-Башы районундагы сайларда суунун деңгээли көтөрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
 Ат-Башы районундагы сайларда суунун деңгээли көтөрүлүүдө

Аба ырайынын ысык болгондугуна байланыштуу Нарындагы Ат-Башы районунда сайлардагы суунун деңгээли көтөрүлүп, алардын жээктериндеги турак үйлөргө коркунуч туулду. Ушундай эле кооптуу жагдай өткөн жылы да катталып, Ат- Башы жана Баш- Кайыңды айылдарындагы айрым имараттар зыян тарткан.

Андыктан алдын алуу иштери колго алынып, район бюджетинен 150 миң сом жумшалып, жээктерди бекемдөө жана дамбаларды бийиктетүү жумуштары жасалган. Натыйжада, «Ат-Башы» суусу буга чейинкидей жоготууларды жарата албады. Антсе да, бул аймакта дагы онго жакын ашууларда кар толук эрип бүтө элек. Андыктан, учурда айыл чарба өнөктүктөрү менен катар эле элди мобилизациялоо аркылуу ар кандай кырсыктардын алдын-алуу жумуштары уланууда.

"Жылда мүшөктөргө кум толтуруп, ошолорду тизип убара болчубуз. Быйыл биротоло жасайлы деп, 50 кубик алып келип, аларды дамбаларга тиздик",- дейт Ат- Башы айыл аймагынын башчысы Кубанычбек Чоробеков.
"Ат-Башы району боюнча 20дай кооптуу жайларды аныктаганбыз. Анын 13 обьектисинде тиешелүү жумуштар жасалды. Бирок кырсыкты алдын алуу жумуштары дагы эле уланып жатат. Эң кооптуу жагдай азырынча «кирпич завод» жана «базар» чөлкөмдөрүндө түзүлгөн",- дейт ӨКМдин Ат-Башы райондук бөлүмүнүн башчысы Азамат Исмаилов..