Жаңылыктар
Кыргыз-Араб эл аралык кызматташтыгы жаңы баскычта
Экономика
Кыргыз-Араб эл аралык кызматташтыгы жаңы баскычта

Кыргызстанга расмий иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед Аль-Нахая Кыргызстанга келди. Ал тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугуп, анда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгындагы коопсуздук, энергетика жана туризм тармактары боюнча баарлашты. Бул Араб мамлекетинин тышкы саясий мекемесинин Кыргызстанга болгон биринчи жооп катары визити. Иш сапарынын алкагында ал президент Алмазбек Атамбаев менен жолугат жана эки мамлекеттин ишкерлери катышкан бизнес-форумга катышат.

"Эки өлкөнүн кызматташтыгы жакшы нукта өнүгүп жатат. Эки мамлекеттин мындан аркы кызматташтыгында маанилүү делген саясий, соода-экономикалык, маданий гуманитардык багытта маанилүү макулдашуулары бар”,- деп билдирди Бириккен Араб Эмирлигинин Тышкы иштер министри Абдалла бин Зайед Аль-Нахайян. 

“Жолугушуудагы негизги маселе соода-экономикалык байланышты күчөтүү болду. Ошону менен бирге биз энергетика, транспорт жана байланыш, кайра иштетүү тармактары боюнча экономикалык байланышты түзүү боюнча сүйлөштүк. Бул максатта биз биргелешкен өкмөттөр аралык комиссия түзүү боюнча макулдаштык”,- дейт Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев.