Жарандык активисттерден турган демилгелүү топ жол коопсуздугун камсыздоо боюнча бир канча сунуштарын коомчулукка жана тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жеткирүүнүн аракетинде. Бул максатта жарандык активисттер тартип сакчылары, Бишкек шаар мэриясынын, Коргоо кеңеши жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен биргеликте шаардагы кооптуу аймактарды кыдырып чыкты. Шаарда мындай жөө каттагандар үчүн ыңгайсыз жана кооптуу жол кесилиштери көп.
Автобуста жол тарткан көчмө жыйындын катышуучулары барган биринчи кооптуу тилке Филармония тарап же Чүй менен Манас проспектисинин кесилиши болду. Мындагы жер астындагы өтмөктө курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабык тургандыктан калаа тургундары башкы көчөлөрдүн кесилишинен катуу ылдамдыкта келе жаткан унааларга карабай чуркап өтүүдө. Жол белгилери да жок, жөө адамдар каттай турган ылайыктуу жер каралган эмес жада калса кыдырууга чыккан чоң автобус токтой алган жок.
Бишкек шаарынын ичинде унаалар кыйма-чийме өткөн мындай кооптуу тилкелердин бир нечеси бар. Эң өкүнүчтүүсү өтүүгө кыйын болгон жол кесилиштерден окуучулар эмес чоң кишилер эптеп каттайт. Мындан улам жолдун ортосуна коопсуз аймактарды түзүү демилгеленди. Минтпесе айрым кесилиштерден жөө каттагандар өткүчө жол чырак күйүп калып, жолдун ортосунда калгандар көп.
Батыш өлкөлөрүнүн көбүндө “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип анын натыйжасында жол коопсуздугу камсыздалып, жол кырсыктары 90 пайызга чейин төмөндөгөн. Көйгөйдү Чехиянын мисалында чечсе болот деген депутат Абдывахап Нурбаев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып, бул милдетти шаар мэриясына өткөрүп берүү туура болот деген ойдо.
Мындай өңүттөгү иш чараларды өткөрүүнү улантаарын айткан демилгелүү топтун мүчөлөрү аракеттер натыйжа берет деген үмүттө. Ошону менен бирге жарандык активисттер Коргоо кеңешине жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын азайтуу боюнча 43 бөлүктөн турган сунуштарын берген.