Бүгүн президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пикир алышуу максатында, атайын жыйын өткөрдү. Жыйын “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүдөгү маалымат каражаттарынын орду” деген аталышта өтүп, анда учурда кыргыз журналистикасындагы кеп маданиятынын одоно бузулуп жаткан учурлары бар экени айтылды. Мындан сырткары комиссия тарабынан кыргыз тест системасы иштелип чыккан.
Ал боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кыргыз тили боюнча тест тапшырат, ошондой эле тесттин жыйынтыгы менен сертификаттарды берүү дагы пландалууда. Мындан сырткары, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери жер-жерлерде атайын окуу-тренинг жана сурамжылоолорду жүргүзгөн.
Жыйынтыгында, теле-радио журналистикасында жана гезит-журналдарда, көпчүлүк убакта базар тили колдонулуп, тил маданияты аксап жатканы тууралуу жергиликтүү тургундар билдирген. Кыргыз журналистикасындагы бул кемчиликти жоюу максатында, телерадиокомпаниялардын жетекчилиги менен сүйлөшүлүп, журналисттерди атайын окуудан өткөрүү иштери жүргүзүлө турган болду.