Жаңылыктар
Өлкөдө 11 ирригациялык обьектилердин курулушу каржыланат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө 11 ирригациялык обьектилердин курулушу каржыланат

Өлкөдө 11 ирригациялык обьектилердин курулушу каржыланат. Анын төртөө быйыл бүтүп, миң гектардан ашык жаңы сугат жери пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

 

2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясында жаңы сугат жерлерин ишке киргизүү камтылган. Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Баткендеги Бүргөндү массивинин, Ак-Талаа районундагы Ак-Сай каналынын пайдаланууга берилиши бул багытта жасалган негизги иштер катары көрсөтүүдө.

Ирригациялык курулуштарды жүргүзүү токтобойт. Дагы 11 обьектини каржылоо пландалууда. Алардын төртөө быйыл даяр болуп, ишке киргизилиши керек. Долбоорлордун каржы булактары аныкталган.
Кадамжай, Жумгал, Ысык-Көл жана Каракулжа райондорунда пайдаланууга бериле турган суу каналдары 1090 гектар жаңы сугат жерлерин пайда кылып, мындан сырткары 1960 гектар мурда иштетилип келген аянттардын сууга болгон муктаждыгын жоёт. 11 обьектинин Кытай тараптан каржылана турган алтоосу үчүн эле 32 миллион доллар сарпталаары күтүлүүдө.

Кургакчылык бүтүндөй жер жүзүнө түйшүк жаратууда. Бул сууга бай делген Кыргызстанга да тиешелүү. Сугат сууну туура пайдалануу үчүн ирригациялык обьектилерди куруу зарылчылыгы дал ушул жагдайдан улам бышып жетилген.