Жаңылыктар
Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча биринчи соттук процесс башталды
Коррупция
Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча биринчи соттук процесс башталды

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча биринчи соттук процесс башталды. Ал кызматтык автоунааларды сатып алууда алдамчылыкка барган деп айыпталууда. Сот процесстери ачык жүргүзүлөт: тараптар бүгүнкү отурумда массалык маалымат каражаттарынын аудио жана видео тасма жүргүзүүсүнө каршы болушкан жок. 

Депутаттын жактоочулары кылмыш ишин кароону Свердлов райондук сотуна өткөрүп берүү өтүнүчүн келтиришти, өтүнүчтүн себебин алар унааны алып сатууну ишке ашырган компания аталган райондо жайгашкандыгы менен түшүндүрүштү. Бирок сот Эсеп палатасы Биринчи май районунда жайгашкан деген жүйө менен адвокаттардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Буга байланыштуу айыпталуучулардын жактоочулары кассациялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышты.

Эске салсак Алмамбет Шыкмаматовго "Коррупция" жана "Кызматтык жасалмачылык" боюнча эки берене менен кылмыш иши козголгон. Депутат эсеп палатасында тендердик комиссиянын мүчөсү болуп турганда кызматтык автоунааларды сатып алуу боюнча жасалма келишимдерди түзүп, алардын баасын атайылап жогорулаткан деп айыпталууда. 

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Шыкмаматов өзүнүн жубайынын унаасын тендердик арызга киргизип, базар баасынан дээрлик 3,5 миң долларга кымбат саткан. Башкы прокуратура автоунаалар тендер өткөрүлгөндөн кийин, тактап айтканда Эсеп палатасынын аудиторлору жеке жактар саткан унааларды өздөрүнө тандап алгандан кийин гана сатылып алынганын билдирген.