Жаңылыктар
Мектептерге жакын жерлерди жол белгилери менен толук камсыз кылуу зарылдыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Мектептерге жакын жерлерди жол белгилери менен толук камсыз кылуу зарылдыгы

Дегеле мектеп бүтүрүүчүлөрү акыркы конгуроодо шаан-шөкөт кылып, унаалар менен көчөлөрдү аралаганды салтка айландырып алышкан. Эми андайгаларга Патрулдук милиция бөгөт коёт. Ошондой эле патрулдук милиция окуучулардын кырсыкка кабылышынын алдын алуу үчүн жол жээгинде жайгашкан мектептердин картасын түздү. 

Борбор калаадагы №24 мектеп гимназиясы Тыныстанов Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ага жакын жерде окуучулардын жолдогу коопсуздугу жетиштүү камсыз кылынган эмес. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөгү белги таптакыр көрүнбөй калган.

Жол кырсыктары соңку учурда аткаруу бийлиги өзгөчө көңүл бурган көйгөй болууда. 2016-жылдын үч айына салыштырмалуу ал 13 пайызга өскөн. Жабыркаган 1186 адамдын 200дөн ашуунун балдар түзөт. Мындай көрсөткүч мектептерге жакын жерлерди жол белгилери менен толук камсыз кылуу зарылчылыгын көрсөттү.