Жаңылыктар
Ошто дыйкандар картошканын биринчи түшүмүн жыйнай баштады
Айыл чарба
Ошто дыйкандар картошканын биринчи түшүмүн жыйнай баштады

Кыргызстанда ирригациясы жолго салынган аймактар саналуу гана. Аларга Оштун айрым аймактары кирет. Мына ушул Ошто дыйкандар картошканын биринчи түшүмүн жыйнай баштады. Тез бышчу картошканын бул түрү жакшы каралса эки ай ичинде жетилип чыга келет. Ал эми түшүмдүүлүгү бир соткадан жарым тоннага чейин берет. Учурда аравандыктардын жаш картошкасы өлкөнүн бардык дубандарына жөнөтүлүүдө. Аны менен катар эле дыйкандар капустанын, чесноктун да түшүмүн ала баштаган учур. Ал эми ак алтын үчүн быйыл өтүмдүү жыл болоорун болжошкон талаа адистери быйыл 3 миң 300 гектар жерге пахта эгишкен.

Араван районунун талааларында картөшкө жыйналып жатканына 3 күн болду. Эки ай ичинде түшүм алганга жетишкен аравандыктар гектарынан 16 тонна картөшка терип жатышат. Жыйноо ишине кошумча күч катары элеттиктер эле тартылган.
Жыйналган береке дароо эле талаадан сатылат. Баасы күн сайын арзандап баратат. Кечээ эле килограмм картөшкө 45 сом болсо, учурда 20-35 сом. Анткени Араванда эле ондогон дыйкандар картөшкө эгип тиричилик кылат. Кыргызстан боюнча биринчилерден болуп түшүм жыйнашат. А бирок быйылкы жаздын жаанчылдыгы түшүмдү бираз кечиктирди.

Бул арада аравандык дыйкандар картошка менен катар эле, капуста, чесноктун да түшүмүн чогултууда. Андан башка пахтага да басым жасалып, облус боюнча 3 миң 300 гектар жерге эгилген. Бул өткөн жылга караганда 850 гектарга көп. Буга арзандатылган насыя берүүнүн жеңилдетилиши түрткү болгон.
Араванда быйыл жазда 16 миң гектар жер иштетилген. Анын 1700 гектарына картөшкө отургузулса, 700 гектарына капуста айдалган. Биринчи түшүм жыйналып бүткөн соң бул талаалар жүгөрүгө толот.