Жаңылыктар
Бүтүрүүчүлөрдүн айыл инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылган белектери
Кыргызстан жаңылыктары
Бүтүрүүчүлөрдүн айыл инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылган белектери

Бүтүрүүчүлөр акыркы жылдары ашыкча чыгымга бөгөт коюп, мектебине, айылдаштарына керек болсо айылына да пайдалуу жардам көрсөтүүгө көнүп келе жатышат. Бул ирээт аксылык жаштар чогулуп айыл инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылышты. 

Аксы районунун Кашка-Суу айылында спорт менен машыккандар үчүн өзгөчө майрам. 250 миң сомго жасалган спорт аянтчасы, айылдагы мектепти мындан 10 жыл мурун бүтүп кеткен жаштардын демилгеси менен ишке ашты.
 Спорт аянтчага, кызмат учурунда каза тапкан милициянын кызматкери, ошол эле учурда демилгечи бүтүрүүчүлөрдүн классташы Актилек Абдубалиевдин ысымы ыйгарылды.

Ал эми Иринжит айылында болсо Эйфель мунарасы тургузулду. 12 метрдик бул мунара аз убакыттын ичинде элеттиктердин көңүлүнө толгон жайга айланды. Ары бери өткөндөр таңдана карап сүрөткө түшкөнгө тойбосо, кечкисин жарыгын чачып көз жоосун алууда. 

Париждеги Эйфель мунарасынын көчүрмөсүн куруу үчүн Шаки Тойматов атындагы орто мектебин 20 жыл мурун бүтүргөн жаштар 300 миң сом сарпташкан. Айылым, шаарым, өлкөм өнүксүн деп аз да болсо өз салымын кошуп жаткан жаштардын мындай демилгесине айыл эли ыраазы болду.