Жаңылыктар
Токтогул районундагы Кең-Туу суусунун деңгээли көтөрүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Токтогул районундагы Кең-Туу суусунун деңгээли көтөрүлүүдө

Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 24-майда саат 05:00 чамасында Кең-Туу суусунунун деңгээли көтөрүлүп, Ак-Жар айылындагы ички чарбалык жолго курулган 4 көпүрөнү суу жеп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы билдирди. 

Ички чарбалык жол убактылуу жабылып, көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагындагы Бирдик айылында 24-май түнү Көк-Ирим дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, сугат арыктарынан ашып, 3 турак үйдүн короолоруна суу кирген.