Жаңылыктар
Кыргызстандыктар өз шайлоо участогун СМС аркылуу биле алат
Шайлоо 2023
Кыргызстандыктар өз шайлоо участогун СМС аркылуу биле алат

Эми ар бир кыргызстандык өз шайлоо участогун СМС аркылуу биле алат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдирди. 

Мекеме “Өз шайлоо участогуңду sms-билдирүү аркылуу бил” интерактивдик кызматын киргизди. Бул үчүн жарандар 119 кыска номерине билдирүү жөнөтүүлөрү керек. Анын ичинде, шайлоочу өз ПИНин көрсөтүшү керек. Ошондо тутум автоматтык түрдө ал кайсы участокко карай тургандыгын аныктайт. Кызмат акысыз көрсөтүлүп, 24-майда ишке кирди.