Жаңылыктар
Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам жеткирилди

Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит айылына гуманитардык жардам жеткирилди. Бишкек шаарындагы ыктыярчылар тарабынан уюшулган жардам айылдагы 165 үй-бүлөгө бөлүнүп берилди. Негизинен элет элине тамак-аш жеткирилди. 

Эскерте кетсек, буга чейин аталган айыл аймактын элине өкмөт башчы менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан алгач 10, кийин 30 тонна гумжардам жеткирилип, аймактын жашоочуларына бөлүштүрүлүп берилген. Гуманитардык жардамдары даректүү, текши бөлүштүрүүдө аймактын элинен түзүлгөн атайын элдик комиссия иш алып барат. 

Белгилей кетсек, май айынын башында болгон жер титирөөдөн Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагында 610 турак жай авариялык абалга келген. Дагы 400дөн ашуун үй капиталдык оңдоого муктаж деп табылган.