Жаңылыктар
Турак жайларын камсыздандыргандардын кайгысы азыраак
Кыргызстан жаңылыктары
Турак жайларын камсыздандыргандардын кайгысы азыраак

Май айындагы кырсыкка чейин өз турак жайларын камсыздандырууга үлгүргөн Чоң-Алайлык 24 турак жайга камсыздандыруу уюуму тарабынан кенемте төлөнүп берилди. Мына ушул жарандын ар бирине 200 миң сомдук сертификаттар жеринде тапшырылды. 

Камсыздандыруу уюумунан билдиришкендей, комиссиянын кароосунан өтүп жаткан дагы тогуз жаранга кийинки аптадан тартып, кенемте төлөнүп берилет. Жалпы Чоң-Алай өрөөнү боюнча бүгүнкү күнгө чейин, калктын 3 пайыздан ашууну гана турак жайларын камсыздандырган. 

Эскерте кетсек, ушул жылдын январынан тартып, мамлекеттик субсидиялар жоюлган. Тагыраагы, буга чейин мамлекет тарабынан ар кандай кырсыктарда көрсөтүлүүчү ссудалар мындан ары берилбейт. Ошондуктан, турак жайларды камсыздандыруу керек.

"Азыр мына жалпы 5 миллион сомдук кенемтени турак-жайын камсыздарыгандарга төлөп бердик",- деп билдирди Камсыздандыруу уюмунун Ош облустук өкүлчүлүгүнүн башчысы Таалайбек Калмурзаев.