Жаңылыктар
УКМК кызматкерлери батирлүү болушту
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК кызматкерлери батирлүү болушту

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Ачкычтарды тапшыруу аземинде атайын кызматтагыларды конуштуу болушу менен куттуктап, бул күн кызматкерлер жана алардын үй- бүлөөсү үчүн чоң майрам экенин белгиледи. 

Ошондой эле, буга чейин айрымдар күч түзүмдөрүнө үй курулаарына ишенчү эмес. Анткени, чамабыз чак болчу, азыр болсо, ошол тилектер ишке ашып, ал тургай күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине турак жай салуу жакшы салтка айланды. Мындан ары да бул иштер уланышы керек, - деди президент.