Жаңылыктар
Мектептерде "Акыркы коңгуроо" кагылды
Билим
Мектептерде "Акыркы коңгуроо" кагылды

25-майда Кыргызстан боюнча 2 200дөн ашык мектепте бүтүрүүчү класстардын "Акыркы коңгуроо" салтанаты өттү. Ал эми борбор калаадагы №46- орто мектебинде 41 бүтүрүүчү 11-классты жана 128 бүтүрүүчү 9-классты аяктап жатат. 

"Акыркы коңгуроо" салтанатына байланыштуу бүгүн өлкө боюнча милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 4 миңге чукул милиция кызматкери тартылган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мектептерде тартипти камсыздоо жана окуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик райондук, аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлдү.