Жаңылыктар
Туристтерди өзгөчө жаратылышы менен өзүнө тарткан Арстанбап
Туризм
Туристтерди өзгөчө жаратылышы менен өзүнө тарткан Арстанбап

Асман тиреген тоолору, шаркыратма суулары, жаңгак токойу менен таанымал болгон Арстанбап эс алуучу жайы Кыргызыстандын кооз жерлеринин катарынын бири. Бул тоо курчаган аймактын жашоочуларынын тиричилигинин  бир булагы жаңгак токой жана  туристерди кабыл алуу  менен өтөт. Айыл өкмөттүн борборунда  жайгашкан чакан базары да бар.Айыл өкмөт  5 айылдан туруп 20миңден ашуун калкынын саны бар. Жашоочулардын көпчүлүгү келген туристерди жаратылыш койнуна алып чыгышат.

Алардын бири 8 жылдан бери айдоочу Кайрат Арапбаев ал өзүнүн тоого  жүргунчү  ташыуучу  унаасын оңдоп түзөөдөн өткөрүп, азыркы учурда   туристер чыгуучу тоонун  жолдорунун абалынан кабар алуу учуру. Ал быйылкы  июль  айын күтүүдө ал учурда эс алуучулар келе баштайт. Тоо  жолунун айдоочусунун айтымында бул опурталдуу  шарты татаал жол  болгону менен  туристер ошонусуна кызыгышат.

Буга чейин жергиликтүүлөрдү түйшүкө салып келген ички каттамдар.Откон жылы  түрткү берүүчү гаранттын колдоосу менен 3 миллион сом жергилктүү бюджеттин эсебинен 340 миң сомго бир жарым чакырым жер асфальт бологон. Эс алгандардын көпчүлүгү тоо койнуна жаңгак токой ичине чыгууну каалашат. Айылда көпчүлүк үй булө  өтө деле заманбап   жогорку шарты менен болбосо да атайын туристерди кабыл алуучу орундарды даярдашкан. Зина Иванова да өз үйүнүн бет маңдайына атайын турист кабыл алуучу  үй курган. Анын айтымында  бул үй бүлө кирешесин толуктайт.

Мындан сырткары район борборунан  Арстанбапка чейинки жолдун акыбалы да катаал. 2006-жылы эле салынган жол  кайрадан оңдоп тузөөгө муктаж. Дүйнөгө Кыргызстандын бул жаңгак-мөмөлүү токойлору уникалдуу жаратылыш феномени менен таанылган. Бүгүнкү күндө көпчүлүк үйлөр  токой аянтынын ичинде жанаша жерде жашап, алардын турмуш тиричилиги токой жана токой ресурстары менен тыгыз байланышкан. Айдоо жерлери аз болгондуктан жалаң токой ичинде жашаган элдин негизги тиричилик булагы ушул баалуу табигый байлыктар экени талашсыз. Жергиликтүү эл ар улуттан туруп, анда кыргыз, өзбек, тажик, орус, немец жана башка улуттардын өкүлдөрү жашашат. Бул жака келген  эс алуучулардын суктангандыгы жаңгак токой жана бийик булутка  жеткен тоолору болуп саналат.

Талгат Бакиев, Биринчи радио