Жаңылыктар
Бишкек шаарынын дагы эки жаңы конушуна газ киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын дагы эки жаңы конушуна газ киргизилди

Бүгүн Бишкек шаарынын эки жаңы конушуна газ киргизилди. Биринчи Май районундагы “Касым” жана “Керемет” конуштарынын жергиликтүү тургундары жаратылыш отуну менен камсыз болушту. Мындагы газдаштыруу жумуштарынын аралыгы 3 чакырымды түздү. Аткарылган жумуштардын көлөмү 12 миллион 800 миң сомдон ашты. Кабарчыбыз когултүр газы киргизилген конуштарда болуп келген:                                                             

Ордо калаадагы “Касым” жана “Керемет” жаңы конуштардагы газдаштыруу жумуштары 2016-жылдын июнь, сентябрь  айларында башат алган. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын куруучулары тарабынан  айтарлык аракеттер көрүлүп, газ киргизүү жумуштары белгиленген мөөнөттөн кыйла  эрте сапаттуу аяктап, эки конуштун тургундарынын көптөн күткөнү ишке ашып көгүлтүр  от берилген биринчи үйгө кирип, үй ээсинин  кубанычына күбө болдук.                                                                                                         

“Газпром Кыргызстан”  ишканасынын “Бишкекгаз” филиалынын директору Манас Акматбековдун айтымында  2016-жылы Бишкек шаарынын 10 конушунда газдаштыруу жумуштары жүрдү.  Бүгун сегизинчи жана тогузунчу жаңы конуштарга  көгултүр от берилгенин белгиледи. 

Быйылкы 2017-жылы Бишкек  шаары жана Чүй облусу боюнча 12 жаңы конушту газдаштыруу күтүлүүдө. Ошондо 20  миңден ашык  турак-жай жаралытыш газы  менен камсыз болору мерчемделген. 2030-жылга чейин Кыргызстанды көгүлтүр от  менен камсыз кылуу деңгээли 62пайызга жогорулайт. Ошондо республиканын 400  калктуу пункту газдаштырылат. 

Кадыр Калилов, Биринчи радио