Жаңылыктар
БШК жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолорго даяр
Шайлоо 2023
БШК жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолорго даяр

Борбордук шайлоо комиссиясы 28-майда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоолорго толугу менен даяр. Бул тууралуу Боршайком төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. 

Анын айтымында, бул жолу өлкө аймагы боюнча 41 шаардык жана айылдык кеңештерде добуш берүү өтөт. Алардын жыйырма бири кезектеги жана калган жыйырма шайлоо мөөнөтүнөн мурда дайындалган шайлоолор. Буга чейин Жалал-Абад шаардык кеңеши өзүн өзү таратуу чечимин кабыл алса, ал эми дагы бир нече кыштактарда депутаттар айыл өкмөт башчыларын шайлай албай кеңештер тараган болчу. 

Бекматов Борбордук шайлоо комиссиясы бардык тилкелерде электрондук добуш берүү жана эсептөө системаларын сыноодон өткөрүп, учурда операторлор жабдыктар менен иштөөнү улантып жатканын белгиледи. Талапкерлерди каттоо, бюллетень даярдоо жана үгүт иштери өз убагында жыйынтыкталып, учурда шайлоочулардын тизмеси боюнча жумуштар уланып жатканы айтылды.