Жаңылыктар
Жалал-Абад облустук ооруканада хирургия бөлүмүнүн курулушу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад облустук ооруканада хирургия бөлүмүнүн курулушу башталды

Жалал-Абад облустук ооруканасында ыкчам хирургиялык бөлүмүнүн курулушу башталып, пайдубалы түптөлдү. Аталган бөлүмдүн имараты 2 кабат болуп курулат. Сметалык баасы 1 миллион 700 миң еврону түзгөн курулуш иштерин 11 айдын ичинде бүткөрүү мерчемделүүдө. 

Облустук оорукананын башкы дарыгеринин айтымында, курулуп жаткан ыкчам хирургиялык бөлүмдө, медициналык ыкчам жардам берилет. Ал жерде ал тургай операция жасалат.

“Облус элинин ден соолугун кам көрүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралып жатат. Бул өтө чоң долбоор. Бул жерде өкмөттүн аракети чоң болуп жатат, анткени чет элдик донорлорду тартууда жана аларды ишке салууда жакшы иш жүрүп жатат. Кыскасы көрүп жатасыздар, курулушу башталды”,- дейт Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Маматжан Миянов.