Эми ушул жаңы конуштуу болгондор талапка ылайык, үйүн камсыздандырышы керек.
Камсыздандыруу демекчи, май айындагы кырсыкка чейин өз турак-жайларын камсыздандырууга үлгүргөн Чоң-Алайлык 24 тургунга камсыздандыруу уюуму тарабынан кенемте төлөнүп берилди.
Бул үчүн камсыздандыруу уюму тарабынан 5 млн. сом акча каражаты жумшалды.
Кенемте акчага ээ болгондор жараксыз абалга келген турак-жайларын жаңылоо аракеттерин көрүүдө.