Жаңылыктар
Унааны эреже бузуп башкарган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Унааны эреже бузуп башкарган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айып салынды

Акыркы коңгуроодо өзгөчө шаан-шөкөттөр уюшулуп, майрамдын арты өкүнүч менен аяктаган көрүнүштөр ар жыл сайын болуп келген. 

Мындай кырсыктардын алдын алуу үчүн милиция жалпы өлкө аймагында рейд жүргүзүп, унааны эреже бузуп башкарган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айып пулдарды салды.

Жанаша жүргөн топ унааларды айдагандар- мектептин бүтүрүүчүлөрү. Окуучулук күндөр кайра кайрылып келбейт деген жеткинчектер майрамды мына ушинтип өткөрүшөт. Бирок, келечекке чоң кадам таштап жаткан балдар шаан-шөкөттүн арты кайгыга айланып калышы мүмкүн экенин билгилээри келбейт. “Акыркы коңгуроо” аталышындагы рейддин алкагында алгач каз-катар тизилген 5 автоунаа көзгө урунду. Майрамдын үзгүлтүккө учурашын каалабаган бүтүрүүчүлөр талапка көнбөй жатып, араң токтошту.