Жаңылыктар
1926-жылы Жалал-Абад областтык китепканасы түзүлгөн
Кыргызстан жаңылыктары
1926-жылы Жалал-Абад областтык китепканасы түзүлгөн

1926-жылы июль айында Жалал-Абад областтык китепканасы түзүлгөн. Ал алгачкы коомдук китепкана деп аталып, китепканада бир гана тейлөө бөлүмү болгон. Алгачкы фонду болсо 892 нускадагы китептен туруп, 50-60 гана окурмандар катталган. Китепканада бир гана кызматкер иштеген. Соң китепканада уюштуруу иштери жүргүзүлүп, фондго китептерди топтоо башталган. 

Ал эми 1993-жылдан баштап шаардык борбордук китепкананын базасында Жалал-Абад областтык китепканасы негизделген. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областтык китепканасынын фондунда: 118350 нускадагы китеп, 14 миңден ашуун окурман 16 китепканалык кызматкерлер иштейт.

Бүгүнкү күндө облустагы китепканаларда жалпысынан 368 кызматкер эмгектенет Жалал-Абад областтык китепканасы областтын аймагындагы 192 китепканага усулдук жардам көрсөтөт. Китепканалар арасында кароо-сынактарды уюштуруп турат.