Жаңылыктар
Жаңы мыйзам долбоорунда шайлоого көз салуучулардын укугу бузулабы?
Саясат
Жаңы мыйзам долбоорунда шайлоого көз салуучулардын укугу бузулабы?

Айрым укук коргоочулар Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүү киргизилип жаткан «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда байкоочулардын укугу бузулуп жатканын билдиришүүдө. 

Айтымдарында байкоочулардын добуш берүү мыйзамдарынын бузулуусу боюнча шайлоо комиссиясынын чечимине каршы чыгып, сотко арыздануу укугу алынып салууда. Ал эми демилгечи депутаттар  өкмөттүк эмес уюмдардын четтен каржыланаары  эске алынып, бейөкмөт уюмдардын байкоочуларына «коомдук байкоочу» деген тактама киргизилгенин айтышты. 

Эске салсак, 17-майда Жогорку Кеңеш «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду экинчи окууда кабыл алган.