Жаңылыктар
Баткен облусундагы селдин кесепеттери
Өзгөчө кырдаал
Баткен облусундагы селдин кесепеттери

Баткен облусунда сел жүрүп, турак үйлөрдү суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, 25-май күнү жааган жамгырдын кесепетинен Актатыр айылында 3 турак үйдүн ичине жана 19 турак үйдүн короолоруна сел суулары кирген. 

Андан сырткары, 200 метр ички чарбалык жолду кум шагылга толтурган. Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда сел агып өтүүчү сайда бараткан жеңил унааларды агызып кеткен. 

Ошондой эле, Самаркандек айылындагы турак үйгө жана курулуш материалдарын сатуучу дүкөндүн короосуна сел суулары кирип, ичиндеги тактайларды жана дүкөндүн алдында турган 1 жеңил унааны агызып кеткен.