Жаңылыктар
Эртең Кыргызстанда китепкана күнү белгиленет
Билим
Эртең Кыргызстанда китепкана күнү белгиленет

27- май –  Кыргызстанда китепкана күнү. Өлкөдө окурман журтту тейлеген китепкана тармагы, улуттук маданияттын  чоң курамдык бөлүгү катары өнүгүү жолунда.

Алсак, 2011-жылы башталган электрондук китепкана түзүү кадамы. Бул китеп фонду жардыланып кеткен шартта  интернет байланышы аркылуу,  окурмандын   жаңы китеп жана күндөлүк басылма жаңылыктарына суроо-талабын орундатууга  шарт түзүүдө. 

Ошондуктан  жер-жерлерде  китепкана ишин жакшыртуу интернет байланышынын сапатына көз каранды экенин кесип ээлери белгилейт. Китепкана кызматкерлеринин айтымында: китеп фондун  жаңыртуу, интернет байланышы менен камсыздоо  учурдагы өзөк  көйгөй.  Ал эми эл аралык инвесторлордун жардамы менен кыйла алгылыктуу иштер жасалалып жатканы кубанычтуу.