Жаңылыктар
Аброр жана Акрам Азимовдорго терракт боюнча айыбы угузулду
Кылмыш
Аброр жана Акрам Азимовдорго терракт боюнча айыбы угузулду

Орусиянын тергөөчүлөрү ага-ини Аброр жана Акрам Азимовдорго терроризм жана курал сактоо боюнча акыркы айыбын угузду. Тергөөчүлөр буга чейин Акрамды 15 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербург метросундагы жардыруунун уюштуруучусу экенин айтып келген. 

Акрам Азимов болсо, террактка тиешиси жок экенин билдирген. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, Аброр Азимов жанкечти Акбаржон Жалилов менен байланышта болуп, теракты уюштуруу үчүн акча топтогон. Анын агасы Акрам Азимов эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн Орусияга кирүүсү үчүн жасалма документ жасоо менен алектенгени айтылууда.