Жаңылыктар
Күтүүсүз кадам, күтпөгөн жыйынтык
Кыргызстан жаңылыктары
Күтүүсүз кадам, күтпөгөн жыйынтык

Пара алып жаткан жеринен колго түшүрүү учурунда медициналык академиянын аппарат жетекчиси каза болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынан билдиришти.

 Мекеменин антикоррупциялык кызматынын маалыматына ылайык, кечээ Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат башчысы 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

 Кармоо учурунда анын абалы кескин начарлап кетип, медициналык жардам көрсөтүүгө карабай көз жумган. УКМКнын маалыматына караганда, каза тапкан жарандын жүрөгү кармап калган, - деп болжолдонууда.