Жаңылыктар
Президент муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алды
Дин
Президент муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев муфтий Максат ажы Токтомушевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчысы өлкөдөгү бардык мусулмандарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. 

Алмазбек Атамбаев менен Максат Ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгына байланыштуу маселелерди талкуулап, андан сырткары коопсуздукка коркунуч жараткан кырдаалды алдын алуу жана элдин биримдигин бекемдөө боюнча маселелерге басым жасалды.