Жаңылыктар
"Коркут Ата" спектакли Түркияда көрсөтүлдү
Маданият
 "Коркут Ата" спектакли Түркияда көрсөтүлдү

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, драматург Кайрат Иманалиевдин "Коркут Ата" спектакли менен Түркияда өткөн фестивалга катышып келди. 3-Түрк дүйнөсү эл аралык театр фестивалына Түркия, Азербайжан, Кипр, Гагаузия, Иран, Ирактын өнөрпоздору да барган. Фестиваль “Коркут Ата” спектакли менен ачылып, бул чыгарма көпчүлүктүн купулуна толду.

Жер ортолук деңизинин жээгинде жайгашкан Мерсин шаары түрк дүйнөсүнүн театр ишмерлеринин башын бириктирди. Аптага созулган фестиваль “Коркут Ата” спектакли менен башталганы бекеринен эмес. Ал алдын- ала жиберилген тасмалардын негизинде атайын тандап алынган.
“Албетте, "Коркут -Ата" биздин маданиятыбыз. Түрк эли үчүн эски күндөрдөн бүгүнкү күнгө чейин келип жеткен эң жогорку сыйга татыктуу инсан. Бул инсан тууралуу Мерсин шаарында Кыргызстандын театр оюну көрсөтүлүп жатканы биз үчүн чоң бакыт. Чындыгында, абдан жакшы спектакль болду. Адегенде жаратылыштын символу чагылдырылып жатат, өткөн учур келечекке карай көпүрө сыяктуу окуя менен коштолот экен. Бул жерде кыргыз актерлору өтө мыкты талантын көрсөтө алышты. Алар бизди жаңыча ыкма менен коюлган "Коркут Ата" менен жолугуштурду. Биз үчүн бул сыймыктанчу окуя”,- деди  Мерсин шаарынын мэри Бурханеддин Кожамаз.

Көрүүчүлөрдүн өтүнүчү менен кыргыз өнөрпоздору спектаклди үч ирет кайталап сахнага алып чыгышты. Ошондой эле Түркиянын ТРТ каналында толугу менен көрсөтүлдү.