Жаңылыктар
Санариптик берүүгө туташтыруу иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик берүүгө туташтыруу иштери уланууда

Кыргызстанда аналогдук теле берүү өчүрүлгөндөн тарта РПО РМТРге телефон чалуулар көбөйдү. Бул кызматка санарипке кошула албай жаткан жарандар кайрылып, адистер күн сайын чыгып аларды санарипке туташтырууну тейлеп жатышат. 

Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү пенсия курагындагы адамдар. Улгайган кишилер эски жабдыктар менен жаңыларын айырмалай албай кыйынчылыктарга кабылган. Жалпы жонунан алганда Кыргызстандын аймагынын 95% санарипке кошулган. 

Аны камсыз кылуу үчүн 54 толкун жеткиргич коюлган болчу. Тоо арасындагы жана бийик тоолуу 5% же 326 айылды туташтыруу үчүн автоматтык телевизиондук жабдыктар орнотулуп жатат.