Жаңылыктар
Март айында аба-ырайынын төмөндөшү күтүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Март айында аба-ырайынын төмөндөшү күтүлүүдө

 Март айынын ортосунда аба ырайы кескин өзгөрүп, 5 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө. Айрыкча Чүй жана Талас облустарында күн суукташы мүмкүндүгүн Кыргызгидрометтен билдиришти.

 Маалыматка ылайык, март айында Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 5 градуска чейин суук болсо, күндүз 8 градуска чейин жылуу болот.

 Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында түнкүсүн 5 градуска чейин суук болсо, күндүз 13 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9 градуска чейин суук болуп, күндүз күн 5 градуска чейин жылыйт.

 Нарын облусунда март айы климаттык нормадан төмөн болуп, салыштырмалуу 2…4 градуска суук болот. Күндүз 7…12 градус жылуу болсо, түнкүсүн сууктун күчү 18…23 градуска чейин жетет.