Жаңылыктар
КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өттү
Саясат
КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өттү

Казань шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны өтүп жатат. Отурумдун күн тартибине бир топ олуттуу маселелер камтылган. 

Бул КМШ курамында өнүгүү боюнча кызматташтыкты улантуу, контрафакттык продукцияны өндүрүү жана жайылтууга каршы туруу, интеллектуалдык менчикти коргоо, КМШнын аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кылмыштын коркунучтуу түрлөрүн координациялоо боюнча бюронун жобосуна толуктоолорду киргизүү тууралуу маселелер каралууда.

Буга чейин өкмөт башчылардын тар чөйрөдөгү жыйыны болуп өттү. Анда күн тартибиндеги баардык маселелерди талкуулашкан. Андан кийин премьер-министрлердин катышуусунда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт жана биримдиктин алкагындагы кызматташтык маселелери талкууланат. 


Ошону менен бирге ЕАЭБ рыногундагы бир топ тоскоолдуктарды жоюу, санариптик күн тартипти ишке ашыруу, уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууда “бирдиктүү терезе” механизмдерин киргизүү маселелери талкууланат.