Жаңылыктар
Өлкө башчы Орозо айынын башталышы менен куттуктады
Дин
Өлкө башчы Орозо айынын башталышы менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Орозо айынын башталышы менен кыргызстандыктарды куттуктады. Президенттин куттуктоосунда, Орозо - тазалануунун, асыл ниеттер менен үмүттөрдүн, кайрымдуулук менен соопчулуктун айы. Бул айда араздашкандар өз ара жарашышат, бири-бирин кечиришет, кыйналгандарга каралашып, жашоосуна үмүт отун жагышат. Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!,- деп айтылат. 

"Адамдын түйшүгү, санаасы эч качан бүтпөйт. Бул дүйнөдө өлчөөсү жок байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Ушул айда күнүмдүк көр тирликтен бойду жыйып, өмүрдүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойлу. Бул жарыкчылыкка келгендеги максатым эмне, жакындарыма, эл-журтума жардамым тийип жатабы деп өзүбүзгө суроо берели. “Жакшы ой адамды жашартат, жаман ой адамды картайтат”- дейт элдик нуска, демек, көөдөндү жаман ойлордон тазалайлы. Ар бир адамдын ою тазарса, бүт коом, бүт өлкө тазарат, өсүп-өнүгөт. Урматтуу мекендештер! Кадырман момун мусулмандар! Баарыңыздарга ыйык Орозо айда бак-таалай, ийгилик келсин. Жараткан элибизге биримдик, жерибизге береке берсин!",- деп куттуктады президент А. Атамбаев.