Жаңылыктар
Бүтүрүүчүлөргө жагымдуу жаңылык
Билим
Бүтүрүүчүлөргө жагымдуу жаңылык

 Орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларына өтүү үчүн тапшыра турган жалпы республикалык тест тапшыруу сынагы 17-21-майга чейин өтөт. Сынакка катышам деген абитуриенттер өзү менен паспортун, 3х4 өлчөмүндөгү эки сүрөтүн жана тестирлөөгө катышканга руксаат берген квитанция менен келүүгө тийиш.

 Негизги сабактардан тест тапшыруунун акысы 260 сом, мындан тышкары кошумча предметтер үчүн ар бирине 260 сомдон төлөнөт. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын айтымында жогорку окуу жайга өтө турган эң төмөнкү босого көрсөткүч 110 упай деп белгиленди.

 Тактап айтканда сынакта суроолорго туура жооп берип, 110 балдан жогору упай топтогон абитуриенттер окууга өтөт дагы ага жетпегендер кулайт. Сынакка катышуу үчүн катталуунун мөөнөтү 15-февралдан башталып, 7-апрелге чейин созулат.