Жаңылыктар
Чоң-Алайдагы дыйканчылык
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алайдагы дыйканчылык

Чоң-Алай өрөөнүнүн жер кыртышы кара топурак болгондуктан, картөшкө жакшы болот. Аймактагы жалпы аянтынын 1550 гектарына картөшкө эгилет же, жылына 24 миң тоннага чейин картөшкө алынат. 

Жергиликтүү элдин айтымында, быйыл аймакка жаз жылдагыдан бир жарым айга кечигип келди. Буга быйылкы кыш айындагы кардын оор түшүүсү негиз болгон. 

Айран-сүт ичүүгө делинген бирин-экин бодо мал менен 20 сотых аянтка эгилген картөшкө- Кара-Мыктык алты балалуу Маматаировдордун бар болгон киреше булагы. Быйылкы кыштагы кардын оор түшүшү аймактын талаа иштерин 1,5 айга кечеңдеткен. Мындан улам, дыйкандар жаздын ар бири күнүн текке кетирбөөнүн аракетинде.

Өткөн жылдагы картөшкөнүн баасынын жогору болушу Маматаиров сыяктуу элеттиктердин капчыгына кыйла пайда алып келген. Экинчи нан иретинде колдонулган бул азыктын 1 килограммы жеринен 35 сомго чейин сатылган. Дыйкан быйылкы түшмүдүүлүктүн мол болуусу үчүн, картөшкөнүн уругунун сапатына көңүл буруп, жер семирткич да сатып алган. Тургундун улоосу болбогондуктан, айдоо иштерин минтип, колго жасоого туура келүүдө.

Негизинен мал чарбачылыгы жана дыйканчылык менен алектенген Чоң-Алай өрөөнүндө 11, 5 миң гектар айдоо аянты бар. Мунун, 1,5 миңден ашуунуна картөшкө эгилсе, 3,5 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери: арпа менен буудай себилет. Дагы он гектардай жерге жашылча өстүрүлөт. Үч чоң айыл өкмөттөн турган Чоң-Алай өрөөнүңдө 30 миңден ашуун калк жашайт.