Жаңылыктар
Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана-музейи ачылды
Маданият
Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана-музейи ачылды

Бишкекте сүрөтчү жана актер Сүймөнкул Чокморовдун өнөркана-музейи ачылды. Анын ачылышына белгилүү кинорежиссерлор жана актерлор жана сүрөтчүлөр катышты. Өнөркана музейинде актер, каскадер жана сүрөтчү Чокморовдун эмгектери жана ал колдонгон буюм-тайымдар коюлган. Ал тургай киного тартылып жаткан учурда түшкөн сүрөттөрү бар.

Музей Бишкектин Токтогул менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.