Жаңылыктар
Жыпар Жекшеев 70 жашта
Кыргызстан жаңылыктары
Жыпар Жекшеев 70 жашта

Саясий-коомдук ишмер, Кыргызстандын көз карандысыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири Жыпар Жекшеев бүгүн, 26-майда 70 жашка толду. 

Жыпар Жекшеев 70 жашка чыккан күнүн күндөгүдөй эле иш үстөлүндө өткөрүүдө. Ал 1947-жылы 26-майда жарык дүйнөгө келген. Бирок паспортунда 24-май деп жазылып калган. Туугандар, тааныштар эле эстетпесе мен үчүн бул дата кадимки күндөрдөй эле дейт.

Белек демекчи, съемка маалында Жекшеевдин 70 жашы менен куттуктап Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы келди. Жөн келбей, кеңештин ардак баракчасын тапшырды.

Жыпар Жекшеевдин аты кыргыз коомчулуна 70-жылдары таанылып баштаган. Студент кезде ал өзүнө пикирлеш жаштар менен кыргыз элинин маданиятын, тилин, тарыхын өз калыбына келтирүү керек деп жаштар кыймылын түзүшөт. Бирок улуттук маселелерди көтөргөн демилгелүү жаштарды ошол кезде күчкө толуп турган Советтер союзу чилдей таратат.

1989-жылы жүрөгү кыргыз, демократия деп соккон жаштар кайрадан биригип, “Ашар” коомун уюштурушат. Бир жылдан кийин Кыргызстан демократиялык кыймылы түзүлүп, анын программасы көз карандысыз Кыргызстандын конституциясынын пай дубалын түптөйт.

Жыпар Жекшеевдин ысмы Кыргызстандын эгемендүүлүгү жана өлкөдө демократиялык башкарууну орнотуу менен тыгыз байланышта. Кайра куруу жылдарынан баштап, өз алдынча мамлекеттүүккө ээ болуп, аны бекемдөө боюнча мыйзам кабыл алууга да активдүү катышкан.