Жаңылыктар
Жаңы аскердик имарат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы аскердик имарат

Кыраакылык-биздин куралыбыз. Албетте аскер кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы чын болсо, өлкө коопсуздугу да бек болот. Андыктан бул иштин алкагында Кургактагы аскерлердин “ Ала-Тоо” окутуу борборунда 120 кишиге ылайыкталган жаңы заманбап имарат ишке берилди.

Аскер кызматкерлери билимин жана күжүрмөн даярдыктарын арттыруу учурун эми жагымдуу жайда өткөрүшөт.

“Жоктон көрө жогору” мындай шартта өз милдетин аткарып жүргөн Нургүл эже эми мындай жаңы заманбап, үлгүдө салынган бөлмөнүн ичинде ишин улантмай болду.

35 миллион сом. Албетте бул оңой өлчөмдөгү акча эмес. Мына ушул суммага бул жаңы заманбап аскерлерди окутуучу имараты курулду. Анан сөзсүз түрдө жогорку бийлик бутагынан келген өкүлдүн катышуусу менен ачылыш аземи болду.

Бул заманбап жаңы имаратка эми машыгууга келишкен аскер кызматкерлери жайгашып турушат. Ал үчүн баардык шарттар каралып, жуунуп, тазалануучу жайларына чейин акыркы үлгүдөгү ыкмалар менен жасалды.

Кургактагы аскерлердин “Ала-Тоо” окутуу борбору 120 кишиге ылайыкталган. Эми мекен сакчылары машыгууларын жакшы жагымдуу имаратта өткөрүшөт.